Айыл аймактын тарыхы

Болот Мамбетов айыл аймагынын түзүлүшү, өнүгүүсү жана жетекчилери тууралуу маалымат.

2024-жылдын 27-мартында мурунку Болот Мамбетов жана Төрт-Күл айыл өкмөттөрү административдик-аймактык реформанын (АТР) алкагында бириктирилип, жети айылдан турган жаңы түзүлүш — Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп каттоодон өткөн.

Айыл аймагынын борбору Төрт-Күл айылында жайгашкан. Бул бирикме аймактын башкаруусун жакшыртуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана калкка кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Төрт-Күл айыл аймагы
  • Төрт-Күл айылы
  • Туура-Суу айылы
  • Темир-Канат айылы
Б.Мамбетов айыл аймагы
  • Эшперов айылы
  • Ак-Сай айылы
  • Жер-Үй айылы
  • Көк-Сай айылы
Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчылары
  • Эшперов Жумаш Эшперович
  • Жангорозов Турсунбай
  • Мукамбетов Замир
  • Мусабаев Үмөр
  • Мамбетов Аскер
  • Урмамбетов Догдурбек
  • Коңурбаев Медербек
  • Көөкөров Илич Казиевич
  • Кылжыров Руслан Темирбекович
Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчылары
  • Рахманов Үсөнтур Асакеевич
  • Мусабаев Үмөр
  • Амантуров Таалайбек
  • Арпачиев Канатбек
  • Бектуров Тилекмат
  • Касымов Турдакун
  • Абылов Руслан
  • Байсеркеев Урматбек
  • Зарнаев Жыргалбек
  • Төлөнов Улан

Азыркы абалы

Учурда айыл өкмөтүнүн башчысы — Кылжыров Руслан Темирбекович. Айыл өкмөтүнүн аткаруучу-тескөөчү органы 12 муниципалдык кызматкерден турат.