2026-жылдын 15-апрелинде Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Үй айылында экологиялык мааниси чоң иш-чара өткөрүлдү.

671439600 897719279979831 411808687675597759 n

Иш-чаранын алкагында «CAMP Алатоо» коомдук фондусунун “Бай-Боосун” жаратылыш коругунун колдоосу менен Жер-Үй айылынын Көк-Дөбө участогунун тескей бетине:

— 1000 түп кызыл карагай,

— 1000 түп Тянь-Шань карагайы,

— 100 түп жапайы алма көчөттөрү отургузулду.

Аталган көчөттөр жалпы 3 гектар аянтка отургузулуп, иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жамааты, мекеме жетекчилери, айыл тургундары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышып, жалпысынан 250 адам тартылды.

Бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, жер кыртышын бекемдөөгө жана келечек муундар үчүн жашыл чөйрөнү сактоого багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

«CAMP Алатоо» коомдук фонду Борбордук Азиянын тоолуу аймактарында туруктуу өнүгүүнү колдоп, жергиликтүү жамааттардын жашоо шартын жакшыртууга олуттуу салым кошуп келет.

Көрсөткөн колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!