Болот Мамбетов айыл өкмөтү тарабынан Ак-Сай айылындагы селден коргоочу курулмаларда пландуу иштер жүргүзүлдү. Иш-чаралар Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жана КР ӨКМге караштуу тиешелүү департаменттин колдоосу менен ишке ашырылды.
Жалпы узундугу 1823 метр болгон коргоочу курулмалар (700 м тосмо, 1023 м канал, тундурма) 437 турак-жайды, социалдык объекттерди жана 30 га айыл чарба жерлерин коргойт.
2024–2025-жылдардагы селден кийин каналдар толуп, тундурмаларга кум-шагыл жана камыш топтолуп, системанын иштеши начарлаган.
Аткарылган иштер: • 1723 метр аралыкта механикалык тазалоо жүргүзүлдү
• 100 метр тундурма 1 метр тереңдикте тазаланды
• Жалпы көлөмү: 24 065 м³
Бул иштер сел коркунучун азайтууга жана калктын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Жүргүзүлгөн иштер 2026-жылдын 13-апрелинде толук бүткөрүлдү.



