ЖЕРИНДЕ ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

4

Бүгүн, 2026-жылдын 18-февралында Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн Төрт-Күл, Эшперов жана Ак-Сай айылдарынын тургундары менен райондук мекеме жетекчилеринин катышуусунда жеринде жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Осмонов катышып, тиешелүү райондук мекеме жетекчилери менен биргеликте көтөрүлгөн маселелерди жеринде карап чыкты.

Жыйындын негизги максаты – жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн көйгөйлөрдү угуп, аларды чечүү жолдорун аныктоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

1️⃣ Балыкчы–Барскоон авто жолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү;

2️⃣ Ички каналдардын абалы;

3️⃣ Таза суу менен камсыз кылуу;

4️⃣ Райондук жана айылдык деңгээлдеги кесипкөй дарыгерлердин жетишсиздиги;

5️⃣ Карьер ачуу (курулуш иштерине керектүү материалдар үчүн);

6️⃣ Жаңы конуштарга жол салуу, электр энергиясын жана ичүүчү таза сууну тартуу маселеси;

7️⃣ Сугат суу жана көпүрө маселеси.

Ар бир маселе боюнча тиешелүү жетекчилер тарабынан түшүндүрмөлөр берилип, айрым көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.

Мындан тышкары:

✔ Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

✔ Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жана жаңы кабыл алынган айрым мыйзамдар тууралуу маалыматтар берилди.

✔ Жарандарды алдамчылык фактыларынан сактануу (жалган телефон чалуулар, акча котортуу боюнча фейк маалыматтар) боюнча эскертүүлөр айтылды.

✔ Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Мындай жолугушуулар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдеп, көйгөйлөрдү ачык талкуулоого жана аларды ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.

Элибиздин активдүүлүгүнө ыраазычылык билдиребиз!