2026-жылдын 26-мартында Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Көк-Сай айылында заманбап машыгуучу залдын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземин Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыров ачып, иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А.Осмонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары, FSDS коомдук уюмунун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, жылуу куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Бул машыгуучу залдын жалпы сметалык баасы 1 050 000 сомду түзүп, анын ичинен:
FSDS коомдук уюму тарабынан — 700 000 сом
Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан, резервдик фонддон — 50 000 сом
Айыл тургундарынын салымы — 300 000 сом
Мындан тышкары, айылдын активисттери ашар жолу менен биригип, ремонт иштерине зор жардам көрсөтүштү.
Бул — элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын даана көрүнүшү.
Жаңы машыгуучу зал — бул жөн гана имарат эмес. Ал:
жаштардын ден соолугун чыңдоого
бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө
мекенчилдик сезимин арттырууга
зордук-зомбулуктун алдын алууга чоң өбөлгө түзөт.
Маданият кызматкерлери менен биргеликте айыл тургундарынын таланттуу уул-кыздары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа уюштурулуп, салым кошкон инсандарга атайын номинациялар ыйгарылды.
Бардык демөөрчүлөргө, колдоо көрсөткөн жарандарга жана эмгек сиңирген ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин салымыңыздар — келечек муун үчүн чоң инвестиция.
Бирге жасалган иш — берекелүү иш!


