Маанилүү окуя — Көк-Сай айылында машыгуучу зал ачылды!

659140642 881683838250042 3995605120659096389 n

2026-жылдын 26-мартында Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Көк-Сай айылында заманбап машыгуучу залдын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземин Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыров ачып, иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А.Осмонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары, FSDS коомдук уюмунун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, жылуу куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Бул машыгуучу залдын жалпы сметалык баасы 1 050 000 сомду түзүп, анын ичинен:

▪️ FSDS коомдук уюму тарабынан — 700 000 сом

▪️ Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан, резервдик фонддон — 50 000 сом

▪️ Айыл тургундарынын салымы — 300 000 сом

Мындан тышкары, айылдын активисттери ашар жолу менен биригип, ремонт иштерине зор жардам көрсөтүштү.

Бул — элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын даана көрүнүшү.

Жаңы машыгуучу зал — бул жөн гана имарат эмес. Ал:

✔️ жаштардын ден соолугун чыңдоого

✔️ бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө

✔️ мекенчилдик сезимин арттырууга

✔️ зордук-зомбулуктун алдын алууга чоң өбөлгө түзөт.

Маданият кызматкерлери менен биргеликте айыл тургундарынын таланттуу уул-кыздары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа уюштурулуп, салым кошкон инсандарга атайын номинациялар ыйгарылды.

🤝 Бардык демөөрчүлөргө, колдоо көрсөткөн жарандарга жана эмгек сиңирген ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин салымыңыздар — келечек муун үчүн чоң инвестиция.

Бирге жасалган иш — берекелүү иш!