Аталышы:Элдик чогулушка активдүү катышууга чакырабыз

454496833 1180453833204791 2014022496777236111 n


Урматтуу Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн Төрт-Күл, Эшперов жана Ак-Сай айылдарынын тургундары!

Жакынкы күндөрү айыл аймагында элдик чогулуш өткөрүлөрүн маалымдайбыз. Аталган жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышат.

Элдик чогулуштун негизги максаты — жергиликтүү калкты түйшөлткөн көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү маалыматтарды берүү жана аларды чечүү жолдорун аныктоо.

Чогулуштун жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелерди кароо сунушталат:

— Балыкчы–Барскоон авто жолунда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү;
— Ички каналдардын абалы;
— Таза суу менен камсыз кылуу маселеси;
— Райондук жана айылдык деңгээлдеги кесипкөй дарыгерлердин жетишсиздиги;
— Карьер ачуу маселеси (курулуш иштерине керектүү материалдар үчүн);
— Жаңы конуштарга жол салуу, электр энергиясын жана ичүүчү таза сууну тартуу маселеси;
— Сугат суу жана көпүрө маселеси;
— Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери;
— Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси жана жаңы кабыл алынган айрым мыйзамдар тууралуу маалымат берүү;
— Алдамчылык фактыларынан сактануу боюнча эскертүүлөр;
— Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Урматтуу тургундар!
Айыл аймагынын өнүгүшү, элдин көйгөйлөрүнүн өз убагында чечилиши жана орчундуу маселелердин ачык талкууланышы ар бир жарандын активдүү катышуусуна байланыштуу. Ушул себептен улам, сиздерди элдик чогулушка кайдыгер карабай, активдүү катышып, өз сунуш-пикириңиздерди билдирүүгө чакырабыз.

Сиздердин ар бир оюңуздар, сунуштарыңыздар жана көтөргөн маселелериңиздер айылдын өнүгүшү үчүн маанилүү.

Биргеликте талкуулап, бирге чечим чыгаралы!