Жер-Үй айылында билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында маанилүү социалдык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып, 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
Бул долбоор айыл аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Мектептин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен 92 700 000 сомго каржыланып, подрядчы катары «Рамзан» ЖЧКсы тарабынан сапаттуу жүргүзүлдү.
Мектеп имараты заманбап талаптарга жооп берип, окуу процессин толук кандуу уюштурууга бардык шарттар каралган. Кең класстар, жарык жана жылуу окуу бөлмөлөрү, мугалимдер үчүн ыңгайлуу иш шарттары камсыздалган.
Мындан тышкары, мектептин ички жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 250 000 сом бөлүнүп, билим берүү мекемесинин ички көрүнүшү дагы жакшыртылды.
Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Жер-Үй айылынын жашоочулары үчүн билим берүү сапаты жогорулап, окуучуларга коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жаңы мектеп — бул келечек муундар үчүн жасалган маанилүү инвестиция болуп саналат. Мындай долбоорлор айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң түрткү берет.

