Темир-Канат айылындагы сейил бак капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Рисунок4

Темир-Канат айылында калктын эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында маанилүү социалдык долбоор ишке ашырылып, айылдагы сейил бак капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Долбоор дем берүүчү гранттын негизинде каржыланып, жалпы сметалык баасы 4 358 116 сомду түздү. Курулуш жана оңдоо иштерин «Бакай Строй Монтаж» ЖЧКсы тарабынан сапаттуу жана өз убагында аткарылды.

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында сейил бактын аймагы толугу менен жаңыланып, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлдү. Аймак тазаланып, инфраструктурасы жакшыртылып, жарандардын эс алуусуна ылайыктуу заманбап мейкиндикке айланды.

Жаңыланган сейил бак эми айыл тургундары үчүн эс алуу, сейилдөө жана үй-бүлөлүк убакыт өткөрүүчү ыңгайлуу жай болуп кызмат кылат.

Бул долбоор айыл аймагындагы жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет. Мындай демилгелер жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүп, коомдук жайлардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.