Төрт-Күл айылында калктын саламаттыгын чыңдоо жана жаштарды спортко тартуу максатында маанилүү инфраструктуралык долбоор ишке ашырылып, жаңы спорт комплекси курулуп пайдаланууга берилди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы сметалык баасы 29 070 056 сомду түздү. Курулуш иштерин «Азия Эксклюзив КЖ» ЖЧКсы тарабынан сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө жүргүзүлдү.
Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жана жаштардын активдүү машыгуусуна толук шарт түзөт. Комплекс жергиликтүү тургундар үчүн дене тарбия, спорт жана сергек жашоо образын жайылтуу багытында маанилүү борбор болуп калат.
Бул объекттин пайдаланууга берилиши айыл жаштары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана келечекте жогорку жетишкендиктерге жетишүүсүнө өбөлгө түзөт.
Мындай долбоорлор айыл аймагындагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүп, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

